Лента новостей » Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы эскертет: Телефон чалуу менен алдамчылык фактылары көбөйдү! 17.07.24 от bermet |
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы эскертет: Телефон чалуу менен алдамчылык фактылары көбөйдү!
Телефон чалуу аркылуу жарандардын ишенимине кирип ар кандай ыкмаларды колдонуп, шылуундар сиздин эсебиңизден акчаңызды уурдап же андан ары сизге онлайн кредит тариздетип алууну көздөп жатышат.
Бул кантип ишке ашырылат? Биринчи кезекте өзүн коммерциялык банктын кызматкеримин деп тааныштырган адам жаранга телефон чалып, жеке маалыматтын ачыкка чыгышы же анын атынан онлайн кредит алуу үчүн кайрылган үчүнчү жактар жөнүндө кабарлайт. Андан кийин Улуттук банктын (же башка мамлекеттик органдын) кызматкери болуп таанышкан адам кошулат да, акчаны сактап калуу зарылдыгын шылтоолоп, жабырлануучуну акчасын коопсуз, корголгон эсепке которууга чакырат. Ошол эле учурда алдамчылардын телефон номерлери жасалма болушу мүмкүн. Ынандыруу үчүн, алар логотип белгиси менен Улуттук банктын жетекчилигинин колу коюлган жасалма күбөлүк же башка документти жөнөтүшү мүмкүн. Ошол эле учурда, шылуундардын курмандыгы болгон жаран алдамчылардын көрсөтмөсү боюнча онлайн-кредитти тариздөө же акча которуу операцияларын өз колу менен аткарат.
Өзүңдү кантип коргой аласың?
Эгерде сиз шылуундардын курмандыгы болуп калсаңыз, эмне кылуу керек? Эгерде сиз алдамчылыктын курмандыгы болуп калдым деп ойлосоңуз, банкка болгон окуя тууралуу дароо кабарлап, банктык картаны же эсепти бөгөттөп коюну суранышыңыз зарыл жана тез арада укук коргоо органдарына арыз менен кайрылышыңыз керек.
ЭСТЕП КАЛЫҢЫЗ! Алдамчылардын схемалары ар кандай болушу мүмкүн, бирок башкы максаты - сизди ишендирип, эсебиңиздеги акчаны котортуу үчүн сизди адаштыруу. Сиз акчаңызды которгон учурда, шылуундар максатына жеткен болот.
МААНИЛҮҮ! Керектөөчүлөр үчүн маанилүү маалыматтар жайгаштырылуучу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтына www.nbkr.kg жана Улуттук банкын социалдык тармактардагы расмий баракчаларына: Инстаграм-nbkr_kg; Facebook жана Telegram каналдарына көз салып туруңуз. Веб-сайттарда жана мобилдик тиркемелерде ФКУ жаңылыктары жана билдирүүлөрү менен таанышып туруңуз.
Финансы-кредит уюмдарынын иш-аракеттерине даттануу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо бөлүмүнө төмөнкү номерлер боюнча кайрылсаңыз болот: 0770 737349, 0555 855 748, 0312 31 31 89; 0312 31 31 22; 0312 31 29 48. |