Лента новостей » Банк «Каржылоо конвейери + скоринг» программалык камсыздоосун (ПЖ) сатып алуу боюнча тендер жарыялайт


25.05.26 от admin

«Каржылоо конвейери + скоринг» программалык камсыздоосун (каржылоо өтүнмөсүн өткөрүүнүн толук автоматташтырылган цикли менен) 200 000 сомго чейинки лимитте чекене (керектөөчүлүк) каржылоону берүү үчүн сатып алуу боюнча тендерге карата.

 

«Каржылоо конвейери» программалык камсыздоосуна карата негизги бизнес-талаптар:

  • Даяр ИТ-чечим
  • WEB-интерфейс
  • Каржылоо боюнча өтүнмөнү өткөрүүнүн автоматташтырылган процесси
  • Скоринг
  • Бизнес-процесстин ачыктыгы жана башкарууга боло тургандыгы (тапшырмаларды кайра дайындоо жана делегирлөө), бизнес жана ИТ-түзөтүүлөрдү ыкчам киргизүү мүмкүнчүлүгү
  • Отчеттордун басма формаларын жана документ шаблондорун ар түрдүү форматтарда жүктөө (выгрузка)
  • Мобилдик түзмөктөргө адаптивдүүлүгү
  • Банктын системалары менен интеграциялануу мүмкүнчүлүгү 
  • Ички маалымдамаларды жана текшерүүлөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүгү
  • Маалыматтарды 6 жылдан ашык мөөнөткө сактоо мүмкүнчүлүгү
  • Процесстерди программалык камсыздоонун жаңы версияларына миграциялоо мүмкүнчүлүгү
  • Принт-формаларды жүктөп алуу мүмкүнчүлүгү
  • Бардык маалыматтарды Банктын АБСына жүктөө мүмкүнчүлүгү
  • Экран формаларынын көп тилдүүлүгү
  • Бир убакта 100 колдонуучуга чейин иштөөнү колдоо

 

Үчүнчү тараптын маалыматтык системалары менен өз ара аракеттенүү боюнча талаптар:


Сыпаттамасы

Булагы

1

Паспорттук маалыматтар

МКК

2

Өзүнө-өзү тыюу салуунун бар экендигин текшерүү

«Ишеним» НМБ, Safe & Sound

3

Насыялык таржымал

«Ишеним» НМБ, Safe & Sound

4

Социалдык чегерүүлөр

Түндүк

5

Соттук карызды текшерүү

suddep.sot.kg

 

Скоринг боюнча талаптар:

  • Курагы
  • Айлык кирешеси
  • Эмгек стажы
  • Насыялык таржымалы
  • Активдүү насыялары
  • Үй-бүлөлүк абалы
  • Билими
  • Ишмердүүлүгүнүн түрү
  • Байланыш маалыматтары

 

ТСП компаниясынын сайтында товарды насыяга сатып алуу үчүн онлайн өтүнмө берүү процесси:

  • Өтүнмө сатып алуучу тарабынан толтурулат,
  • 2 тарап тарабынан ырасталат (өнөктөш компания жана Банк),
  • Документтерди чогултуу жүргүзүлөт,
  • Төлөм эсеби өткөрүлүп берилет,
  • Өнөктөш компаниянын эсебине акча каражаттары которулат,
  • Товар сатып алуучуга берилет.

 

Процесстин алдын ала шарттары:

  • ТСП колдонмосунун жүктөлүшү
  • ТСП колдонмосунда катталуу

 

Кардардын жеке маалыматтары:

  • Аты-жөнү
  • Иш жүзүндө жашаган жери
  • Телефон номери
  • Иштеген жери
  • Кызмат орду
  • Орточо эмгек акысы
  • WhatsApp номери
  • Instagram аккаунту
  • Паспорттун эки тарабынын сүрөтү
  • НМБ, ММК, Соцфонд боюнча текшерүүгө жана каржылоо алууга арыз/макулдук
  • Жакын туугандарынын байланыш маалыматтары:
  • №1 туугандык байланышы, аты-жөнү, жашаган дареги, телефон номери
  • №2 туугандык байланышы, аты-жөнү, жашаган дареги, телефон номери

 

Товарды тандайт:

  • маркасы
  • модели
  • саны
  • түсү
  • конфигурациялары

 

Төмөнкүлөрдү көрсөтүү менен өтүнмөнү тариздейт:

  • каржылоо мөөнөтү
  • орточо айлык кирешенин өлчөмү
  • уюму жана кызмат орду
  • учурдагы каржылоонун/насыянын бар экендиги
  • маалыматтарды иштетүүгө макулдук колдонмонун өзүндө белги коюу аркылуу берилет жана Банктын жообун күтөт.

Кардар өз товарын алып кетет, ал эми Банк каражаттарды өнөктөш компаниянын эсебине которуу аркылуу төлөмдү аяктайт.

 

Өтүнмөнүн статустарынын жана өтүүлөрүнүн схемасы:

 

Процесстин иштөөсүнүн жалпы схемасы:

 

 

Байланыш маалыматы:

+996 312 59 05 18 – Жалпы бөлүм

E: [email protected]

 

Жооптуу адам: Шерматов Рустам

+996 700 164 925 – артыкчылыктуу байланыш формасы

E: [email protected]

 

Дареги: Бишкек ш., Геологиялык чолок көчөсү, 17

Веб-сайт: www.eib.kg

Иштөө убактысы: иш күндөрү саат 8:00дөн 17:00гө чейин (GMT+6)