Лента новостей » «ЭкоИсламикБанк» жабык акционердик коому тарабынан 2025-жыл үчүн дивиденддерди төлөө жөнүндө ЖАРЫЯ


08.04.26 от admin

Ушул менен «ЭкоИсламикБанк» ЖАК Кыргыз Республикасынын «Акционердик коомдор жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктуна ылайык «ЭкоИсламикБанк» ЖАКтын акционерлеринин жылдык жалпы чогулушунда кабыл алынган 2025-жыл үчүн дивиденддерди төлөө жөнүндө чечимди «ЭкоИсламикБанк» ЖАКтын акционерлерине маалымдайт.

 

Акционерлердин жалпы чогулушунун түрү – жылдык.

Акционерлердин жалпы чогулушун өткөрүү формасы – ачык добуш берүү.

Акционерлердин жалпы чогулушун өткөрүү датасы – 2026-жылдын 30-марты.

Акционерлердин жалпы чогулушун өткөрүү орду – «ЭкоИсламикБанк» ЖАКтын

имараты, дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Байтик баатыр көчөсү, 59/1.

Акционерлердин жалпы чогулушунун кворуму – 95,13 %.

 

Күн тартибинин №5 маселеси: «2025-жыл үчүн «ЭкоИсламикБанк» ЖАКтын пайдасын бөлүштүрүү жана 2025-жыл үчүн дивиденддерди төлөөнүн өлчөмүн, тартибин жана формасын бекитүү жөнүндө».

 

Токтом кылынды:

 

  1. «ЭкоИсламикБанк» ЖАКтын 2025-жыл үчүн алынган пайдасы – 87 877 892,93 сом төмөнкүдөй тартипте бөлүштүрүлсүн: 87 877 892,93 сом Банктын акционерлерине дивиденддерди төлөөгө багытталсын.
  2. Бир жөнөкөй энчилүү акцияга эсептелген дивиденддин өлчөмү (Банктын капиталы 1 007 657 000,00 сом жана 1 007 657 акция болгон эсеп менен) – 87,21 сом деп бекитилсин.
  3. Дивиденддерди төлөөнүн төмөнкү формасы бекитилсин: акционерлердин жазуу жүзүндөгү макулдугу менен, аларга тиешелүү акцияларына пропорционалдуу түрдө, жалпы номиналдык наркы 87 874 000,00 сом болгон (же номиналдык наркы 1000 сом болгон 87 874 акция) Банктын акциялары түрүндө төлөнсүн, ал эми дивиденддердин калдыгы – 3 892,93 сом акционерлердин ээлигиндеги акцияларына пропорционалдуу түрдө акчалай төлөнсүн.
  4. Дивиденддерди төлөөнүн төмөнкү тартиби бекитилсин: 2025-жыл үчүн дивиденддердин 87 874 000,00 сом суммасы ушул чечимдин 3-пунктуна ылайык Банктын жүгүртүүдөгү акцияларынын санын көбөйтүү жолу менен Банктын капиталын көбөйтүүгө (капиталдаштырууга) багытталсын, ал эми 3 892,93 сом акчалай төлөнсүн.
  5. Дивиденддерди жарыялоо күнү – 2026-жылдын 30-марты деп белгиленсин.
  6. Дивиденддерди алуу укугуна ээ болгон акционерлердин тизмесин түзүү күнү – 2026-жылдын 1-марты деп белгиленсин.
  7. Дивиденддерди акчалай төлөө күнү – 2026-жылдын 1-майы деп белгиленсин (дивиденддерди мүлк түрүндө, башкача айтканда акциялар менен алуудан баш тарткан жактар үчүн). Банктын акциялары түрүндө дивиденддерди төлөө күнү – акционер Банктан тиешелүү жазуу жүзүндөгү билдирүүнү алган күндөн тартып эсептелсин.
  8. Дивиденддерди төлөө орду – Банктын жайгашкан жери боюнча белгиленсин: Бишкек шаары, Геологиялык чолок көчөсү, 17.

 

Акционерлердин жалпы чогулушунун дивиденддерди төлөө жөнүндө чечими жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

 

 

«ЭкоИсламикБанк» ЖАК           

Башкармасынын төрагасы                                                                   Р. М. Мусаев